2026-жылдын 16-июнь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Америка Кошмо Штаттарынын Аризона мамлекеттик университетинин студенттери, «ASU World Innovators: Character-Driven Leadership & Innovation Internship – Kyrgyzstan» эл аралык стажировка программасынын катышуучулары Мишель Янг менен Кармен Крузени кабыл алды.
Ректор америкалык студенттерди жылуу тосуп алып, алар менен өзгөчө билим берүү жана маданий алмашуу тажрыйбасын бөлүшүүгө кубанычта экенин билдирди.
Аталган стажировка маданияттар аралык алмашууну, лидерлик көндүмдөрдү өнүктүрүүнү жана коррупцияга каршы күрөшүү менен жакшы башкаруу жаатындагы колдонмо изилдөөлөрдү айкалыштырат. Программанын жүрүшүндө катышуучулар университеттер, илимий-изилдөө мекемелери жана жарандык коом уюмдары менен кызматташып, Кыргызстандын социалдык, маданий жана институционалдык чөйрөсү тууралуу түздөн-түз тажрыйба алышат.
Программа о.э. Кыргызстан менен Борбор Азиянын өзгөчөлүктөрүн тереңирээк түшүнүүгө, ак ниеттүүлүккө, жоопкерчиликке жана коомдогу оң өзгөрүүлөргө умтулган келечектеги лидерлердин ортосунда туруктуу байланыштарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.