2026-жылдын 20-июнь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) Кызыл-Кыя шаарындагы М.М.Тайиров атындагы гуманитардык-педагогикалык институнда “Инновациялык борбордун” имаратынын курулушун баштоого арналган салтанаттуу азем болуп өттү.
Иш-чараны КУУнун биринчи проректору — окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев ачып, курулушу башталып жаткан Инновациялык борборго демөөрчүлүк кылган Дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын жетекчилери Мухаммад Мады жана Ахмад ар-Рашид мырзаларга, о.э. катышып жаткан сыйлуу коноктор: Жогорку Кеңештин депутаты Равшанбек Рысбаевге, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин төрагасы Асылбек Мурзаевге, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Миталип Тайировго Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Догдурбек Чонтоевдин жана өзүнүн атынан ыраазычылык билдирип, курула турган Инновациялык борбор билим берүүдө жаңы технологияларды колдонууга, студенттердин чыгармачылык жана илимий потенциалын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөөрүн белгиледи жана Мухаммад Мады мырза менен Ахмад ар-Рашид мырзаны «Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине100 жыл» юбилейлик медалы менен сыйлады.
Жаңы борбордун курушунун башталышы менен жыйындын катышуучуларын о.э. Жогорку Кеңештин депутаты Равшанбек Рысбаев, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин төрагасы Асылбек Мурзаев, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Миталип Тайиров, Дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын жетекчилери Мухаммад Мады жана Ахмад ар-Рашид мырзалар куттукташты.
Кызыл-Кыя шаарынын Маданият үйүнүн кызматкерлери жана окуу жайдын таланттуу студентеринин чакан концерттик программасынан кийин институттун башкы имаратынан алыс эмес жайгашкан аянтчадагы болочок Инновациялык борбордун пайдубалына капсула салынды.
Инновациялык борбордун имаратынын курулушун баштоого арналган салтанаттуу азем КУУнун расмий сайтында жана социалдык тармактардагы баракчаларында түз эфирде чагылдырылып турду.