2026-жылдын 28-апрелинде Улуттук университетке Түштүк Кореянын Пусан университетинен окуу жайдын президенти Кенгван Хонг баштаган делегация иш сапары менен делегация келди. Делегация өкүлдөрүн илимий иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уулу тосуп алып, расмий жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө корей тилин өнүктүрүүгө багытталган билим берүү программалары, академиялык алмашуу, окутуучулар менен студенттердин мобилдүүлүгү жана илимий-изилдөө багытындагы кызматташтык маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, Пусан университетинин ишмердүүлүгү тааныштырылып, окуу жай саламаттыкты сактоо илимдери жана медайымдык иш багыттары боюнча адистешкени маалымдалды. Ошондой эле университетте экология, ишкердик администрация, компьютердик информатика жана социалдык камсыздоо факультеттери бар экени белгиленди.

Өз кезегинде КУУда корей тили кафедрасы иш алып бараары жана Кореядан келген профессорлор сабак өтөрү айтылды. Расмий бөлүктөн кийин Пусан университетинин президенти Кенгван Хонг баштаган делегация КУУнун студенттери менен жолугушуу өткөрдү.

Добавить комментарий