2026-жылдын 28-апрелинде КУУнун биринчи проректору — окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев иш сапар менен келген Кипр Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Кипрос Йоргаллис мырза менен жолугушту.
Жолугушууга Кипр университетинин өкүлдөрү Никосия шаарынан онлайн форматта катышышып, билим берүү программаларын өнүктүрүү, студенттер менен окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгү жана илимий изилдөөлөр багытындагы кызматташтык маселелери талкууланды.
Тараптар байланышты кеңейтүү жана келечекте биргелешкен конкреттүү долбоорлорду ишке ашырып, өнүктүрүүгө жана эки университет бири-бири менен жакындан таанышууга кызыкдар экендиктерин билдиришти. Ошондой эле көп кырдуу кызматташтыкты илгерилетүүдө элчиликтин маңыздуу ролу да белгиленди. Жолугушуунун жыйынтыгында кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлду.
Андан соң Кипрос Йоргаллис мырза КУУнун студенттери менен жолугушуу өткөрүп, эл аралык кызматташтык жана билим берүү программалары тууралуу айтып берди.












