2026-жылдын 28-апрелинде Бишкек шаарында «Кыргызстан менен Түркия университеттеринин диалогу» аттуу эл аралык билим берүү форуму болуп өттү. Диалогдун негизги максаты — эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосундагы академиялык жана институционалдык байланыштарды чыңдоо, жогорку билим берүүнү интернационалдаштыруу процесстерин өнүктүрүү жана университеттер аралык туруктуу кызматташуу механизмдерин түзүү.

Жыйынга Кыргызстандын 32, жана Түркиянын 29 жогорку окуу жайларынын ректорлору, эл аралык байланыштар боюнча адистер жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө университеттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү, академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү, биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу жана илимий изилдөөлөрдү күчөтүү маселелери талкууланды.

Форумдун алкагында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Догдурбек Чонтоев Түркия Республикасынын Айдын университети жана Эржиес университети менен кызматташуу тууралуу келишимдерге кол койду.

Катышуучулар мындай жолугушуулар эл аралык өнөктөштүктү бекемдөөгө, тажрыйба алмашууга жана жогорку билим берүү тармагындагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө болорун белгилешти.

Добавить комментарий