2026-жылдын 27-апрель күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Догдурбек Чонтоев Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин алдындагы К.К.Азыков атындагы Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтунун (КДИИИ) директору Биржан Усубалиев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Улуттук университеттте КДИИ менен биргеликте ”Абанын, суунун, кыртыштын сапатын дисциплиналар аралык изилдөө, тобокелдиктерди баалоо жана математикалык моделдөө” лабораториясын ачуу боюнча сүйлөшүүлөр болуп, жыйынтыгында кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюлду.

Белгилей кетсек, аталган лабораторияны ачуу тууралуу резолюция 2-апрель күнү Математика жана информатика институтунда болуп өткөн “Климаттын өзгөрүшү жана анын абага, сууга, кыртышка тийгизген таасирин изилдөөнүн жана тобокелдиктерди баалоонун дисциплиналар аралык ыкмалары” аталышындагы тегерек столдо кабыл алынган.

(С) Изат Усенов — Математика жана информатика институтунун директору

Добавить комментарий