2026-жылдын 27-апрелинде Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Түркия Республикасынын Газиантеп университетинин ректору Саит Месут Доган мырза менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк достук мамилелери жана орток маданий баалуулуктар тууралуу пикир алышып, билим берүү жана илимий изилдөө тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, о.э. академиялык алмашуу маселелерин талкуулашты.
КУУнун ректору Газиантеп университети сыяктуу абройлуу окуу жай менен байланыш өз ара пайдалуу демилгелерди ишке ашырууга өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди. Ал эми Саит Месут Доган мырза жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, бул кызматташтык билим берүү тармагында гана эмес, эки өлкө ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөгө да чоң салым кошоорун белгиледи.
Белгилей кетсек, КУУ бүгүнкү күндө Түркиянын кызматташтык жана координация агенттиги (TİKA) менен биргеликте иш алып барат жана окуу жайда “Билим Бишкек” инновациялык борбору, «Азиз Санджар атындагы Кыргыз-Түрк ресурстук борбору» иштейт. Мындан тышкары, Кыргыз филологиясы факультетинде Түркология жана котормо таануу бөлүмү бар.