2026-жылдын 28-апрель күнү ректораттын жыйындар залында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин аймактык түзүмдөрүнүн жетекчилерин дайындоо аземи болду.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы №256 «Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө» жарлыгынын, Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-декабрындагы №826 токтомунун жана Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар мниистрлигииин 2026-жылдын 13-январындагы №6 буйругунун негизинде жүргүзүлүп жаткан кайра уюштуруу иштеринин алкагында 2026-жылдын 19-январындагы №7 6уйрук менен түзүлгөн комиссиянын чечимине ылайык, о.э. аймактык маселелер боюнча проректор Кундуз Базакееванын билдирүүсү жана 2026-жылдын 24-апрелиндеги №138 буйрук менен бекитилген структуранын негизинде КУУнун аймактардагы институттарынын жана колледждеринин директорлук кызматтарына дайындоо тууралуу 2027-жылдын 27-апрелинде чыгарылган буйрук менен КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев тааныштырды.
Аталган буйрукка ылайык төмөндөгү кызматкерлер жетекчилик кызматтарга дайындалды:
- биология илимдеринин кандидаты, доценттин милдетин аткаруучу Омурова Кенжегүл Орозобековна — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин С.Нааматов атындагы Нарын аймактык көп тармактуу институтунун директору кызматына;
- Айдарова Бурул Акайбековна — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Нарындагы агрардык, техникалык-экономикалык колледжинин директору кызматына;
- Апсалиева Айнура Ташболотовна — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Нарындагы Кадырбай Мамбетакунов атындагы педагогикалык колледжинин директору кызматына;
- техника илимдеринин доктору, доцент Шаршембиев Жыргалбек Сабырбекович — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Талас аймактык көп тармактуу институтунун директору кызматына;
- социология илимдеринин кандидаты, доцент Жусубалиев Абдикайым Рысбаевич — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Баткен аймактык көп тармактуу институтунун директору кызматына;
- экономика илимдеринин кандидаты Кунназаров Айбек Ысмайылович — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Баткендеги көп тармактуу колледжинин директору кызматына;
- филология илимдеринин кандидаты, доценттин милдетин аткаруучу Эржигитова Шааргүл Жамилидиновна — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Сүлүктүдөгү А.А.Машрабов атындагы гуманитардык-экономикалык институтунун директору кызматына;
- Жайнаков Руслан Мажитович — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Сүлүктүдөгү Педагогика жана коммуникациялар колледжинин директору кызматына;
- тарых илимдеринин кандидаты, доценттин милдетин аткаруучу Сапиева Нурия Эрмекбаевна — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кызыл-Кыя технология, экономика жана укук институтунун директору кызматына;
- тарых илимдеринин кандидаты, доценттин милдетин аткаруучу Таиров Хайруддин Рахманалыевич — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кызыл-Кыядагы М.М.Тайиров атындагы гуманитардык-педагогикалык институтунун директору кызматына.
Иш-чарага КУУнун проректорлору Алайбек Шамшиев, Мырзабек Камчыбек уулу, Назаркул Ишекеев, Бакытбек Айтахунов, Гүлбара Сыдыкова, Кундузгүл Базакеева, о.э. онлайн режимде аймактык түзүмдөрдүн жаңыдан дайындалган жетекчилери катышты.