2026-жылдын 21-апрелинде Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев профессор Филипп Рожон баштаган Франциянын Пуатье Университетинен келген делегация менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки университеттин көп жылдык стратегиялык өнөктөштүгү талкууланып, анын алкагында ишке ашкан тажрыйба алмашуулар, өз ара сапарлар жана маданий-гуманитардык байланыштар тууралуу сөз болду.
Ректор Догдурбек Чонтоев кош диплом берүү программасы ийгиликтүү иштеп жатканын белгилеп, бул демилге кызматташтыкты мындан ары дагы бекемдөөгө олуттуу салым кошорун айтты.
Өз кезегинде профессор Филипп Рожон баштаган өкүлдөр жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, буга чейин Улуттук университеттин студенттерине лекциялар өтүлгөнүн, кыргыз жаштары менен тааныш экендиктерин айтышты. Ошондой эле академиялык байланыштар туруктуу өнүгүп жатканын белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну улантуу максатында эки тараптуу меморандумга кол коюшту.