2026-жылдын 21-апрелинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хирано Рюити мырза расмий визит менен келди.
Алгач ал Улуттук университеттин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев баштаган КУУнун жамааты менен жолугушту.
Ректор Элчи мырзаны Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы билим берүү тармагындагы кызматташтык, КУУдагы борборлор, билим берүү программаларына токтолду жана Элчилик менен өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Расмий бөлүктөн кийин Элчи мырза Кыргыз-япон институтунун жана Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин студенттери менен баарлашты. Алар сабактарды эркин тандоо мүмкүнчүлүгү, стипендиялык программалар жана япон маданиятынын өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып беришти. Жолугушуу жандуу суроо-жооп форматта өттү.
Жолугушууда маданий алмашуу, билим берүү программаларын ишке ашыруу жана япон тилин үйрөнүүгө болгон кызыгууну арттыруу маселелери артыкчылыктуу багыт катары белгиленди.
Иш-чараларга о.э. Япониянын Кыргызстандагы Элчилигинин 2-секретары Танимото Тацуя мырза жана Маалымат жана маданият бөлүмүнүн башкы адиси Нурия Курманалиева катышты.