2026-жылдын 21-апрелинде «Мен мугалим болом! — 2026» эл аралык сынагы жыйынтыкталды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө жарлыгын жана “Кыргыз Республикасында он эки жылдык мектептик билим берүүгө өтүү концепциясын” жүзөгө ашыруу максатында “Мугалим” илимий-педагогикалык журналы И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык институту менен биргеликте 2026-жылдын март–апрель айларында студенттер арасында «Мен мугалим болом!» эл аралык сынагын өткөрдү.

Аталган сынак буга чейин республикалык деңгээлде 4 жолу уюштурулуп келсе, быйыл 5-ирет эл аралык форматта өткөрүлдү.

Сынактын тандоо туруна 60 студент катышып, алардын 12си финалда ат алышты. Сынакка республиканын бардык аймактары камтылды жана жалпы 17 окуу жайдын студенттери катышты. Алар: Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети (И.Ч. Исамидинов атындагы педагогикалык институту, физика, кыргыз филология, биология факультеттери; Кызыл-Кыя институту, Нарын педагогикалык институттары), Казак улуттук аялдар педагогикалык университети, А.К. Кусаинов атындагы Евразия гуманитардык институту  (Астана шаары), И. Арабаев атындагы КМУ, К.Карасаев атындагы БМУ, Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институту, Кыргыз-Турк “Манас” университети, ОшМУ, ОшМПУ, Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, Б.Осмонов атындагы ЖАМУ, МУА «Ала-Тоо»,  Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети, Эл аралык Кувейт университети, Султан Мамбеткалиев атындагы Чүй университети, И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту, Азия инновациялык колледжи.

«Мен мугалим болом! — 2026» сынагы 4 тур менен өткөрүлдү:

  1. “Мен мугалим болом!” темасында эссе жазуу
  2. Өзүн кеңири тааныштырган видеопрезентация
  3. Сабак өтүү
  4. Өнөр таймаш

Жыйынтык чыгаруу аземин КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев ачып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү, ал эми И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык институттун директору Рахат Сулайманова сынакты өткөрүү эрежелери тууралуу айтып берди.

2026-жылдын 21-апрелинде финалисттер өз өнөрлөрүн тартуулап, сынактын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталды. Алар баалуу белектер жана сыйлыктар менен сыйланышты.

  • Баш байге: Эргешова Эленора Азатбековна — Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин М.М. Тайиров атындагы Кызыл-Кыя кампусунун 2-курс студенти.

Сыйлыгы: Smart-TV, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Ардак грамотасы жана «Мен мугалим болом» статуэткасы.

Негизги орундар араоке колонкасы, Ардак грамота жана «Мен мугалим болом» статуэткасы менен  сыйланышты):

  • 1-орун: Ратбеков Ринат — Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, физика жана электроника факультети
  • 2-орун: Үмөталиева Атыргүл Мырзабайматовна — Ош мамлекеттик университети
  • 3-орун: Тлектез кызы Жауказын — Казак улуттук кыздар педагогикалык университети (Алматы)

Номинациялар (Ардак грамота жана «Мен мугалим болом» статуэткасы менен сыйланышты):

«Мыкты ачык сабак»

  • Жумабекова Айжамал Жыргалбековна — К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети
  • Худайберди Даяна — Ала-Тоо Эл аралык университети

«Мыкты өнөрпоз»

  • Бердикулова Айчүрөк Салижановна — Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, М.М. Тайиров атындагы Кызыл-Кыя кампусу
  • Тилекбаева Адина Абдымомуновна — Эл аралык Кувейт университети
  • Майрамбек кызы Адина — Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, И.Ч. Исамидинов атындагы педагогикалык институту

«Мыкты видео-презентация»

  • Артисбек кызы Адина — Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, И.Ч. Исамидинов атындагы педагогикалык институту
  • Жумабек кызы Нурайым — Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Нарын кампусу

Сынакка студенттерди даярдоодо активдүү эмгектенген методисттерге жана иш-чараны уюштурууда эмгектенген уюштуруучуларга «Мугалим» илимий-педагогикалык журналынын төш белгиси жана ректордун ыраазычылык каты ыйгарылды.

Бул иш-чарага бардык баалуу сыйлыктар Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети тарабынан каржыланып, ошондой эле университеттин кесиптик бирлик комитети башкы демөөрчү болду.

(С) Айсулуу Эгамбердиева — илимий иштер боюнча директордун орун басары

Добавить комментарий