2026-жылдын 17-апрелинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 2-июлундагы №980/1 «Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын окутуучуларынын чет тилдерин билүү деңгээлин жогорулатуу жөнүндө» буйругунун негизинде Чет тилдер институтунда англис тилин билүү деңгээлин жогорулатуу боюнча атайын курсун ийгиликтүү аяктаган профессордук-окутуучулар курамына сертификаттар тапшырылды.
Аталган курс Чет тилдер институтунун базасында уюштурулуп, жогорку окуу жайлардын окутуучуларынын англис тили боюнча билим деңгээлин өркүндөтүүгө, заманбап окутуу ыкмаларын өздөштүрүүгө жана кесиптик компетенцияларын жогорулатууга багытталган.
Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев, “Англис тили” курсун окутуу долбоорунун куратору, окуу бөлүмүнүн башчысы Алмаз Тойматов, Чет тилдер институтунун директору Кенжебай Уметов окутуучуларды куттуктап, алардын кесиптик өсүшүнө ийгиликтерди каалап, сертифкаттарды салтанаттуу түрдө тапшырышты.
Сертификат алган окутуучулар окуу процессинде активдүү катышып, тилдик көндүмдөрүн өнүктүрүү менен бирге, практикалык жана теориялык билимдерин бекемдешти. Бул демилге билим берүү сапатын жогорулатууга жана эл аралык талаптарга жооп берген адистерди даярдоого өзгөчө салым кошот.
Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучуларга мындан аркы иштеринде ийгиликтер кааланып, алардын жетишкендиктери билим берүү тармагына олуттуу салым кошору белгиленди. Ошондой эле “Англис тили” курсун окутуу долбоорунун куратору, окуу бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Кыдыралиев университетибиз мындан кийин да бул курсту улантаарыбызды, алдыга койгон максаттарыбыз университетибиздин бардык түзүмдөрүндө англис тилинде окуган атайын тайпалар түзүлөрүн айтып өттү.
(С) Байболотова Ж.Т. — Чет тилдер институтунун директорунун тарбиялык иштер боюнча орун басары