2026-жылдын 17-апрелинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине проректор Лю Шаоцин мырза жетектеген Нанкин искусство университетинин өкүлдөрү расмий сапар менен келишти.

Делегация мүчөлөрүн илимий иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уул кабыл алып, уулу окуу жай тууралуу кыскача маалымат берди жана Улуттук университет ар тараптуу кызматташууга даяр экенин белгиледи.

Лю Шаоцин мырза Нанкин искусство университети КЭРде эң алгачкы ачылган окуу жайы, быйыл 114 жыл болгонун белгиледи. Ал Кыргызстанда өтө турган Кытай тилинин эл аралык күнүнө карата уюштурулган көргөзмөгө көрсөтүлгөн колдоо үчүн КУУнун жетекчилигине, жалпы жааматына жана Конфуций институтуна терең ыраазычылык билдирди. Жолугушууга КУУнун Эл аралык кызматташтуу департаментинин башчысы Келдибеков Бакыт жана Конфуций институтунун директору Усенбаева Жылдыз катышты.

Андан кийин КУУнун Конфуций институту Кыргызстандын эл аралык университети менен биргеликте уюштурулган Кытай тилинин эл аралык күнү чыгармачыл форматта белгиленди. Музыка, поэзия жана көркөм өнөр айкалышкан иш-чаранын алкагында «Поэзия дүйнөнү бириктирет» аттуу эл аралык долбоорго старт берилди. Коноктор үчүн көргөзмөлөр, лекциялар жана арт-долбоорлор уюштурулуп, кытай маданияты ар тараптуу таанытылды.

Иш-чара Улуу Жибек жолунун символикасы менен коштолуп, Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы достук мамилелерди чагылдырды.

Белгилей кетсек, Бишкек — бул долбоор ишке ашырылып жаткан жети шаардын (Лондон, Куала-Лумпур, Найроби, Ташкент, Москва, Самарканд) бири болуп саналат. Уюштуруучулар мындай форматтагы иш-чаралар маданий байланыштарды бекемдеп, кытай тилине болгон кызыгууну арттырарын белгилешти.

Көргөзмөгө Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу, КЭРдин КРдеги Элчилигинин катчы-кеңешчиси Ли Хуа, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, илимий иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уулу Мырзабек, Конфуций институтунун директорлору Усенбаева Жылдыз жана Цзя Цзинфан, о.э. студенттер катышты.

Кыргыз улуттук университетиндеги жолугушуу

Кыргызстандын эл аралык университетиндеги иш-чара

Добавить комментарий