2026-жылдын 17-апрелинде Манас шаарында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана жайылтуу максатында студенттердин III республикалык олимпиадасы өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн 10дон ашуун жогорку окуу жайларынан келген студенттер катышып, өз билимдерин жана чыгармачылык жөндөмүн сынашты.

Олимпиадага Улуттук университеттен Мамлекеттик жана муниципалдык факультетинин 1-курс студенти Баялиев Нурбол, Кыргыз-европа факультетинин 1-курс студенти Жоробекова Салима жана Экономиканын жогорку мектебинин 1-курс студенти Турдумаматова Мырзагүл жана студенттерди жетектеп Мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Д.Мырзагулова, Кыргыз-европа факультетинин ага окутуучусу Ч.Эсентуровалар катышып келишти.

Катышуучулар тил билүү деңгээли, чечендик чеберчилиги, чыгармачылык ой жүгүртүүсү жана практикалык көндүмдөрү боюнча күч сынашты.

Жыйынтыгында, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттери жогорку деңгээлдеги билимдерин көрсөтүп, 1-2- орунду багындырышты.

Мыкты долбоор” номинациясы боюнча:

  • 1-орун: Мамлекеттик жана муниципалдык факультетинин 1-курс студенти Баялиев Нурбол (1-даражалагы диплом жана акчалай сыйлык);

Көркөм окуу” номинациясы боюнча:

  • 2-орун: Кыргыз-европа факультетинин 1-курс студенти Жоробекова Салима (2-даражалагы диплом жана акчалай сыйлык);

“Мыкты видео тасма” номинациясы боюнча  окуу жайдан барган 3 студент олимпиада учурунда берилген 30 минута ичинде чогу даярдаган  “Келечектеги Кыргызстан” деген темадагы видео тасмасы 2-орунду ээлеп,  2-даражалагы дипломго жана   акчалай сыйлыкка ээ болушту.

Мындай олимпиадалар мамлекеттик тилдин кадыр-баркын жогорулатууга, жаштардын тилге болгон кызыгуусун арттырууга жана улуттук баалуулуктарды даңазалоого өбөлгө түзөт.

(С) Д.Мырзагулова – Мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы

Добавить комментарий