2026-жылдын 17-апрелинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде мындан он күн мурда өткөрүлгөн «Жан дүйнөнүн үнү» аттуу поэзия кечесине активдүү катышкан студенттерге ыраазычылык каттарды тапшыруу аземи болуп өттү.

Жаштар саясаты жана спорт боюнча департамент тарабынан уюштурулган иш-чараны мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев ачып, студенттердин жетишкендиктерин жогору баалаарын билдирди жана мындай маданий демилгелер жаштардын руханий өнүгүүсүндө өзгөчө орунга ээ экенин белгиледи.

Андан кийин проректор университет тарабынан өткөрүлгөн маданий-массалык иш-чараларга, айрыкча «Жан дүйнөнүн үнү» аттуу поэзия кечесине активдүү катышып, жаштардын руханий дүйнөсүн байытууга, улуттук баалуулуктарды даңазалоого жана көркөм сөзгө болгон кызыгуусун арттырууга олуттуу салым кошкон студенттерге ыраазычылык каттарын тапшырды жана аларга мындан аркы окуудагы жана чыгармачылык жолундагы ийгиликтерди каалады.

Сыйлоо аземинде студенттердин сахнадагы өзгөчө чеберчилиги, чыгармачылык активдүүлүгү жана поэзия аркылуу коомдук аң-сезимди калыптандырууга кошкон салымы белгиленип, бул ишмердүүлүктүн чоң тарбиялык мааниге ээ экени баса көрсөтүлдү.

Өз кезегинде сыйлыкка татыган студенттер университет жетекчилигине жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришип, мындан ары да коомдук жана маданий иш-чараларга активдүү катыша тургандыктарын белгилешти.

Добавить комментарий