2026-жылдын 17-апрелинде Кыргыз улуттук университетине Саясат жана эл аралык мамилелер институтунун деканы Чжу Юнбяо мырза жетектеген Кытай Эл Республикасынын Ланьчжоу университетинен делегация келди.

Кытай университетинин өкүлдөрүн илимий иштер боюнча проректору Мырзабек Камчыбек уулу кабыл алып, жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү, тажрыйба алмашуу жана илимий-изилдөө багытында кеңири пикир алмашуу болду. Талкууда биргелешкен монографиялык эмгектерди жазуу, эки университеттин базасында ар кандай иш-чараларды өткөрүү демилгелери баса белгиленди.

Жыйынтыгында эки тарап бардык демилгелерди колдоого жана туруктуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Добавить комментарий