2026-жылдын 16-апрелинде «Кыргызалтын» ААКсынын базасында Кыргыз Республикасынын Жер казынасын пайдалануучулар союзу тарабынан уюштурулган «Жаңы реалдуулуктагы лидерлик стратегиясы» тоо-кен тармагынын форуму болуп өттү.
Иш-чарага КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — КР суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Э.Акунбеков, КР жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри А.Токтобаев, КР Финансы министрлигинин, КР Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле «Кыргызалтын» ААКсынын, «Кумтор Голд Компани» ЖАКсынын, «Алтын Кен» ЖЧКсынын, «Алтын Альянс» ЖЧКсынын, «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсынын жетекчилери, илимий коомчулуктун өкүлдөрү жана алдыңкы ЖОЖдордун жетекчилери катышты.
Форумдун катышуучулары жаратылыш ресурстарын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, эл аралык экологиялык стандарттарды киргизүү, тоо-кен өнөр жайында технологиялык жана санариптик чечимдерди өнүктүрүү, ошондой эле 2035-жылга чейин тоо-кен секторун туруктуу өнүктүрүүнүн бирдиктүү стратегиясын түзүү перспективалары сыяктуу маселелердин кеңири чөйрөсүн кеңири талкуулашты. Тармактын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу жана өлкөнүн минералдык-чийки зат базасын рационалдуу пайдалануу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев «Жер казынасын пайдаланууда илим жана инновациялар» деп аталган сессияда баяндама жасады. Ал Жусуп Баласагын атындагы КУУ өзүн БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууда мамлекеттин стратегиялык өнөктөшү катары көрсөтүп, Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар» өзгөчө стратегиялык долбооруна катышып жатканын белгиледи. Долбоордун алкагында суу, химиялык жана экологиялык коопсуздук жаатындагы изилдөөлөр жана инновациялар борбору түзүлдү. Ал тоо-кен ишканаларына жакын аймактарды изилдөөгө, анын ичинде жер үстүндөгү жана жер астындагы суулардын булганышын талдоого, уулуу элементтердин миграциясын жана айлана-чөйрөгө жана калктын ден соолугуна тийгизген терс таасирин баалоого активдүү катышат.
Форумдун алкагынада тармактын өнүгүүсүнүн негизги багыттарынын бири болгон кадрдык потенциал талкууланып, «Кыргызалтын» ААКсынын жетекчилиги республиканын алдыңкы жогорку окуу жайлары болгон Ж.Баласагын атындагы КУУ, И.Раззаков атындагы КМТУ жана Б.Ельцин атындагы КРСУ менен кадрларды даярдоо жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду.
Документ студенттерди профилдик багыттар боюнча максаттуу окутууну уюштурууну, «Кыргызалтын» ААКсынын ишканаларында өндүрүштүк практикадан жана стажировкадан өтүүнү, компаниянын адистеринин билим берүү процесстерине катышуусун камтыйт.