2026-жылдын 16-апрелинде Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова өлкө тарыхында биринчи жолу философия доктору (PhD) окумуштуулук даражасын алган бүтүрүүчүлөргө мамлекеттик үлгүдөгү дипломдору тапшырды.
Министр бүтүрүүчүлөрдү PhD окумуштуулук даражасына ээ болгон адис болушу менен куттуктап, алардын Кыргызстандын өнүгүүсүндөгү ролун өзгөчө белгиледи. Анын айтымында, «“Илим — бул өнүгүүнүн негизги кыймылдаткычы. Ошондуктан PhD докторанттардын ар биринин эмгеги, изилдөөлөрү жана демилгелери Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө жана эл аралык деңгээлдеги аброюнун бекемделишине салым кошот».
Салтанаттуу аземде Гульзат Исаматованын колунан Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин төмөндөгү бүтүрүүчүлөрү диплом алышты:
- Атаханов А.К. — экономика;
- Аскарова Ч.Т. — экономика;
- Шамбетова Э.К. — экономика;
- Мамбетказиева Н.Б. — экономика;
- Ван Цзюньчжун — лингвистика;
- Ван Юе — лингвистика.
Иш-чарага КУУнун биричи проректору — окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев менен Докторантура мектебинин директору Алмазбек Дооранов катышты.
Белгилей кетсек, КУУнун Докторантура мектебинин аспирантурадан кийинки кесиптик даярдоо программасын 45 бүтүрүүчү ийгиликтүү өздөштүрүп, «Педагогика», «Лингвистика», «Менеджмент», «Экономика», «Бизнести башкаруу», «Философия», «Юриспруденция» жана «Экономика жана башкаруу» багыттары боюнча диссертацияларын коргошту.