2026-жылдын 15-апрелинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев КУУнун тарыхында биринчи жолу берилип баштаган философия докторлорунун (PhD) дипломдоруна кол койду.

Докторантура мектебинин аспирантурадан кийинки кесиптик даярдоо программасын 45 бүтүрүүчү ийгиликтүү өздөштүрүп, «Педагогика», «Лингвистика», «Менеджмент», «Экономика», «Бизнести башкаруу», «Философия», «Юриспруденция» жана «Экономика жана башкаруу» багыттары боюнча диссертацияларын коргошту. Бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүгү Казакстандын жана Кытай Эл Республикасынын жарандары.

(С) Алмазбек Дооранов – Докторантура мектебинин директору

Добавить комментарий