2026-жылдын 15-апрелинде Жогорку Кеңештин Төрагасына караштуу Жаштар Кеңешинин төрагасынын орун басары, Кыргызстан Жаштар Кыймылынын төрагасы Жакшылык Бекназаров жаштардын лидерлик сапаттарын өнүктүрүүгө жана жарандык активдүүлүгүн жогорулатууга багытталган “Жаш кадрлар мектеби” долбоорун Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 3-4-курс студенттерине презентация жасады.

Иш-чараны уюштурууга окуу башкармалыгыгын башчысы Алмазбек Кыдыралиев менен КУУнун Жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменти активдүү көмөк көрсөтүп, жаштар менен иш алып барууда мамлекеттик органдардын өз ара кызматташуусунун маанилүүлүгүн дагы бир жолу тастыктады.

“Жаш кадрлар мектеби” жаш адистер үчүн атайын уюштурулган комплекстүү билим берүү программасы болуп саналат. Долбоордун алкагында катышуучулар үчүн заманбап тренингдер, эксперттик жолугушуулар, интерактивдүү талкуулар жана практикалык окуулар каралган. Бул иш-чаралар жаштардын аналитикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, лидерлик жөндөмдөрүн бекемдөөгө жана коомдук-саясий процесстерге активдүү катышуусуна өбөлгө түзөт.

Программанын негизги максаты — келечектеги профессионалдык кадрдык резервди калыптандыруу болуп эсептелет. Катышуучулар парламенттик ишмердүүлүктүн негиздери, мыйзам чыгаруу процесси, мамлекеттик саясатты талдоо жана бюджеттик процесстер боюнча теориялык билим алышат. Ошондой эле алар практикалык көндүмдөргө ээ болуп, реалдуу кейстерди талдоо, коомдук долбоорлорду иштеп чыгуу жана аларды ишке ашыруу боюнча тажрыйба топтошот.

Мындан тышкары, долбоор жаштардын мамлекеттик башкарууга болгон кызыгуусун арттырып, жоопкерчиликтүү, демилгелүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү жаңы муунду тарбиялоого багытталган. Иш-чаранын соңунда студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, долбоорго катышуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат алышты.

Жыйынтыгында, мындай демилгелер жаштардын потенциалын ачууга, алардын коомдогу ролун бекемдөөгө жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө салым кошо турган квалификациялуу кадрларды даярдоого чоң салым кошору белгиленди.

(С) Курманбекова Бурултарбия жана жатаканалар иштери боюнча сектор башчысы

Добавить комментарий