2026-жылдын 15-апрелинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине (КУУ) Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунан келген 120га жакын мектеп бүтүрүүчүлөрү келип, №8 окуу имаратындагы конференц-залда алар үчүн кесипке багыт берүү иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө КУУнун активдүү студенттери кытай, орус, англис жана француз тилдеринде өздөрүнүн окуу тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Мектеп окуучуларына Улуттук университеттеги адистиктер, кабыл алуу шарттары жана студенттер үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу кеңири маалымат берилип, видеороликтер көрсөтүлдү. Мектеп окуучулары менен аларды коштоп келген мугалимдер иш-чара пайдалуу жана кызыктуу болгонун белгилеп, уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти.

Карьера, ишке орноштуруу жана кесиптик багыт берүү борбору (КИОжКБББ) жана Кабыл комиссиясы тарабынан уюштурулган иш-чарага о.э. Бишкек шаарындагы башка жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү да катышты.

(С) Матраимова Майрамгүл — КИОжКБББ башкы адиси                                             

Добавить комментарий