2026-жылдын 2-апрель күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев окуу жайдын түзүм жетекчилери менен биргеликте Ысык-Көл районунун Бостери айылында жайгашкан «Университет» пансионатына барып, ал жердеги жеңил конструкциядагы коттедждердин курулуш иштерине старт берип келди.

Ректор жетекчилерди пансионатта салынуучу коттедждердин жайгашуу схемасы менен тааныштырып, 1-июнга карата алардын 23 даанасы бүтөөрүн билдирди. Анын айтымында 20 жылдык кепилдиги менен салынып жаткан коттедждер капиталдык эмес, жеңил конструкциядагы үйлөр болот.

Андан кийин ректор баштаган топ коттедждер курулуучу аянтчага убакыт кутучасын салды. Кутучадагы келечек муундарга арналган катта “Биз баштаган иштерди улантып, дагы-дагы бийик жетишкендиктерге жетишесиздер деп ишенебиз” деген каалоо-тилек жазылган.

Белгилей кетсек, буга чейин КУУнун пансионатында жыл сайын косметикалык эле оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, эч кандай капиталдык объекттер салынган эмес. Бул жылы Улуттук университет өз бюджетинен 50 млн сом каражат бөлүп, пансионаттын аймагында 20 «а-фрейм» тибиндеги, 3 «барнхаус» тибиндеги коттедждер курулат.

Добавить комментарий