2026-жылдын 2-апрелинде Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн «Уңгужол: маданий-руханий жаңылануу» аттуу чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын улуттук форумуна Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессорлору, педагогика илимдеринин докторлору Нурбүбү Асипова менен Эсенбек Мамбетакуновдор катышып, билим жана тарбия берүүдөгү маанилүү сунуштарын беришти.

Форумга өлкөнүн бардык жети облусунан, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынан келген 800гө жакын делегат катышып, маданий-руханий өнүгүү, илим жана чыгармачыл чөйрөнүн коомдогу ролу тууралуу маселелерди талкууланды.

Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө жарлыгынын алкагында уюштурулуп, чыгармачыл союздар менен илимий интеллигенциянын өкүлдөрүн бириктирген улуттук диалог аянтчасы болуп саналды.

Форумдун алкагында маданият менен илимдин улуттук өнүгүүдөгү орду, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын коомдогу миссиясы, маданий-руханий жаңылануунун багыттары, чыгармачыл союздарды өнүктүрүүнүн мамлекеттик механизмдери, ошондой эле илим, билим берүү жана чыгармачылык тармактарындагы реформалар талкууланды.

Иш-чаранын пленардык жыйынында Улуттук университеттин атактуу окумуштуулары Нурбүбү Асипова “Кыргыз Республикасындагы улуттук таалим-тарбиянын заманбап модели” аттуу баяндамасы менен чыгып, форумдун жалпы катышуучуларына улуттук уңгудан чыккан заманбап моделди сунуштаса, Эсенбек Мамбетакунов Кыргыз Республикасынын Президентинин 4 Жарлыгынын маанисин, түпкү маңызын ачып, алардын билим-тарбия берүүнүн идеологиялык куралы экендигин ачыктап берди.

Катышуучулар тарабынан бир катар сунуштар жана демилгелер айтылып, маданият менен илим тармактарын системдүү өнүктүрүүгө багытталган чаралар каралды.

Бул форум мамлекеттик органдар, чыгармачыл чөйрө жана илимий коомчулуктун ортосундагы өз ара аракеттешүүнү бекемдөөгө, улуттук маданий саясатты жаңы деңгээлге чыгарууга жана өлкөнүн интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү аянтча болду.

Добавить комментарий