2026-жылдын 2-апрель күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев баштаган түзүм жетекчилери окуу жайдын Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы пансионатына барып, ал жерде салынып жаткан A-фрейм тибиндеги жеңил конструкциядагы коттедждердин курулуш иштери менен таанышып келди.
Ректор жетекчилерди салынып жаткан коттедждердин жайгашуу схемасы менен тааныштырып, 1-июнга карата алардын 23 даанасы бүтөөрүн билдирди. Анын айтымында 20 жылдык кепилдиги менен салынып жаткан коттедждер капиталдык эмес, жеңил конструкциядагы үйлөр болот.
Ушул эле күнү ректор баштаган топ коттедждер курулуп жаткан аянтчага убакыт кутучасын салуу аземине катышты. Кутучадагы келечек муундарга арналган катта “Биз баштаган иштерди улантып, дагы-дагы бийик жетишкендиктерге жетишесиздер деп ишенебиз” деген каалоо-тилек жазылган.

