2026-жылдын 20-февралында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин биринчи  проректору — окуу иштери боюнча проректор  Алайбек Шамшиев Агартуу министрлигине караштуу «Окуу китеби» басма үйү мамлекеттик мекемесинин директору Төлөгөн Аматов баштаган жамаат менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Алайбек Шамшиев Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Агартуу министрлиги, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги, ЖОЖ ректорлорунун катышуусунда өткөн чоң жыйында педагогикалык багыттар, мугалимдердин кесиптик кваликациясын жогорулатуу боюнча тематикалар берилгенин айтып, ага катар чыгарылып жаткан педагогикалык жаңы окуу китептерин Улуттук университеттин студенттерине жеткиликтүү кылуу маселесин белгилеп өттү. Проректор о.э. Кыргызстан 12 жылдык билим берүүгө өткөндүгүнө байланыштуу ЖОЖ окутуучулар менен тыгыз иштешүүсү маанилүү экенин жана педагогдордун компетенциясына да өзгөчө басым жасоо зарылдыгын баса белгиледи.

Өз кезегинде Төлөгөн Аматов «Окуу китеби» басма үйү мамлекеттик мекемесинин аткарып жаткан иштери тууралуу маалымат берип, азыркы тапта КУУнун география факультети менен тыгыз кызматташып жатканын белгиледи. Ал о.э. окуу китептерди жана окуу-методикалык комплекстерди иштеп чыгууну, экспертиза жүргүзүүнү мындан ары жакшыртуу, биргелешкен  программаларды аткарууда өнөктөш катары кызматташуу зарылдыгын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында, Алайбек Шамшиев менен Төлөгөн Аматов эки тараптуу кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.

Андан соң, КУУнун педагогика багыты боюнча түзүм жетекчилери менен «Окуу китеби» басма үйү мамлекеттик мекемесинин жамаатынын жолугушуусу болуп өттү. Жыйынды И.Ч.Исамидинов атындагы Педагогикалык институттун директору Рахат Сулайманова ачып, учурдагы билим берүү системасындагы өзгөрүүлөрдү, мугалимдердин ишмердүүлүгүн, китеп чыгаруу маселелерин талкуулоо боюнча алгачкы иш-чара болуп жатканын билдирди.

Иш-чаранын алкагында «Окуу китеби» басма үйү тууралуу баяндаманы мекеменин директору Төлөгөн Аматов жасап, экпертиза жана квалификацияны жогорулатуу боюнча жалпы маалыматты басма үйүнүн бөлүм башчысы Зинат Кадырова берди. Анын айтымында, басма үйүндө бир катар заманбап шарттар түзүлүп, аймактарга дагы жеткиликтүү кылуу үчүн тиркемелер иштелип чыкты.

Жыйындын жүрүшүндө о.э. жаңы муундагы математика жана табигый илимдер боюнча окуу китептери тууралуу баяндамалар жасалды.  

КУУнун И.Ч.Исамидинов атындагы Педагогикалык институту тарабынан уюштурулган иш-чара заманбап окуу китептеринин мазмуну жана сапаты туурасында суроо-жооп, талкуулар менен жыйынтыкталды.

Алайбек Шамшиев менен Төлөгөн Аматовдун жолугушуусу

Түзүм жетекчилери менен «Окуу китеби» басма үйүнүн жамаатынын жолугушуусу

Добавить комментарий