2026-жылдын 20-февралында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Эне тилдин эл аралык күнүнө карата Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия менен К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган “Кыргыз ырлары чет өлкөлүк студенттердин аткаруусунда” аттуу республикалык фестиваль жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Маданий иш-чаранын негизги максаты — мамлекеттик тилдин аброюн көтөрүү, улуттук маданиятты кеңири жайылтуу жана чет мамлекеттерден келген студенттердин кыргыз тилине болгон кызыгуусун күчөтүү.
Фестивалды К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору Мирлан Дылдаев ачып, жогорку окуу жайлар мамлекеттик тил саясатын жүзөгө ашырууда маанилүү интеллектуалдык борбор экенин белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев өз кайрылуусунда улуттук тилди сактоо жана өнүктүрүү анын байыркы жазма мурастарын ар тараптуу изилдөө менен тыгыз байланышта экенин баса көрсөттү. Ал төмөнкү артыкчылыктуу багыттарды атады:
- тарыхый тамырларды айгинелеген байыркы рун жазмаларын илимий негизде изилдеп, коомчулукка жайылтуу;
- Жусуп Баласагын жана Махмуд Кашгари сыяктуу даанышмандардын эмгектерин жогорку академиялык деңгээлде (факсимиле, транскрипция, транслитерация, котормо жана түшүндүрмөлөр менен) жарыкка чыгаруу;
- IX кылымга таандык «Ырк битиг» эстелигин заманбап илимий талаптарга ылайык басып чыгарып, азыркы кыргыз тилине которуу;
- 1303-жылы түзүлгөн «Кодекс куманикус» кол жазмасын жана XVII кылымдагы «Келур-наме» сөздүгүн кеңири изилдеп, жаштарга таанытуу.
Мамлекеттик катчы бул демилгелер кыргыз тилинин тарыхый тереңдигин ачып, улуттук аң-сезимди бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгилеп, аны “кыргыз ренессансы” нугундагы олуттуу кадам катары баалады.
Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө туруктуу жана максаттуу иш-аракеттерди талап кыларын айтты. Ал тил саясаты билим берүү, илимий изилдөө, маданият жана санариптик мейкиндик менен тыгыз айкалышта ишке ашырылышы керек.
Ал эми Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова чет өлкөлүк студенттердин кыргыз тилинде эркин баарлашып, улуттук ыр-күүлөрдү аткарып, бий өнөрүн тартуулап жатышы — мамлекеттик тил саясатынын жемиштүү жыйынтыгы экенин белгиледи.
Фестивалга өлкөнүн 10 жогорку окуу жайынын чет элдик студенттерине түзүлгөн командалар катышып, кыргыз тилинде тааныштыруу, улуттук ыр аткаруу жана улуттук бий боюнча өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Калыстар тобунун чечими менен төмөнкү командалар байгелүү орундарга ээ болду.
- Баш байге: Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети
- 1-орун: Эл аралык жогорку медициналык мектеби
- 2-орун: Кыргыз-Түрк Манас университети
- 3-орун: Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети
- 3-орун: Ала-Тоо эл аралык университети
Жеңүүчүлөр дипломдор, баалуу белектер жана акчалай сыйлык менен сыйланышты.
(С) Д.Мырзагулова — мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы