2026-жылдын 20-февраль Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде дуалдык окутууну ишке ашыруунун жолдору жана шарттары боюнча семинар өткөрүлдү.

Иш-чараны биринчи проректор — окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев ачып, бүгүнкү семинар Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы №383 Токтомун, Илим, жогорку билим беруу жана инновациялар министрлигинин 2025-жылдын 18-сентябрындагы №152 буйругун аткаруу максатында өткөрүлүп жатканын белгиледи жана сөз кезегин техника илимдеринин доктору, сапатты башкаруу боюнча профессор, жогорку жана кесиптик билим берүү жаатындагы инновациялык долбоорлордун координатору, жогорку билим берүүнү реформалоо боюнча эксперт, Россия менен Армениянын университеттеринде жумуш ордунда окутуу системаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча долбоорлордун автору Виталий Анатольевич Копновго узатты.

Ал семинардын катышуучуларына «Жусуп Баласагын атындагы КУУда жумуш ордунда окутууну уюштуруу жана методологиялык жактан камсыз кылуу системасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу» (Разработка и внедрение системы организационно-методического обеспечения обучения на рабочем месте в КНУ им. Жусупа Баласагына) деген баяндама жасап, суроолорго жооп берди.

КУУнун окуу башкармалыгы тарабынан уюштурулган иш-чарага аталган башкармалыктын башчысы Алмазбек Кыдыралиев жана бардык институт, факультеттердин өкүлдөрү катышты.

Добавить комментарий