2026-жылдын 18-февралында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин биринчи проректору – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев менен Франциянын Кыргызстандагы Элчиси Николя Файдын жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар Улуттук университетте француз тилинин окутулушу, маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча пикир алышып, маалымат алмашуу жаатындагы жемиштүү кызматташууну улантууга үмүт артышты.

Жолугушууга о.э. Эл аралык кызматташтык жана байланыштар департаментинин директору Бакыт Келдибеков, Юридика бөлүмүнүн башчысы Рустиван Токтоналиев, Кыргыз-европа факультетинин деканы Медина Нукеева жана Чет тилдер институтунун француз тили кафедрасынын башчысы Мария Акчекеева катышты.

Добавить комментарий