Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев баштаган делегация Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын Билим берүү министрлери тарабынан 2024-жылы кол коюлган кызматташтык тууралуу келишимди улантуу жана билим берүү тармагындагы өз ара байланышты жаңы деңгээлде чыңдоо максатында Азербайжан Республикасына расмий иш сапары менен барды.

2026-жылдын 18-февралында КУУнун делегациясы Баку мамлекеттик университетиинин (Bakı Dövlət Universiteti) ректору Эльчин Сафарали оглы Бабаев менен расмий жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө жогорку билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланып, академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүү, студенттер жана окутуучуларды алмашуу программаларын ишке ашыруу, кош диплом берүү мүмкүнчүлүктөрүн киргизүү жана илимий-изилдөө иштерин биргелешип жүргүзүү боюнча пикир алмашуу болду. Делегация мүчөлөрү о.э. Баку мамлекеттик университетиинин заманбап материалдык-техникалык базасы менен таанышып, билим берүү процессинин уюштурулушу жана илимий инфраструктурасы тууралуу маалымат алышты. Иш сапардын алкагында студенттер үчүн атайын конок лекция уюштурулду.

Расмий делегациянын курамында Ректораттын аппарат жетекчиси Доорон Кубатбек уулу менен Экономиканын жогорку мектебинин директору Нуриза Мусаева да бар.

Иш сапар эки жогорку окуу жайдын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө жана билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө багытталган.

Добавить комментарий