2026-жылдын 18-февраль күнү математика жана информатика институнда “Эне тил — улуттун дили” аттуу тилдер фестивалдын алкагында «Жасалма интеллект – келечектин ачкычы» аттуу интеллектуалдык-чыгармачылык конкурс өткөрүлдү.

Калыстар тобунун төрагасы, мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев катышуучуларга ийгилик каалап, жасалма интеллектти улуттук баалуулуктар менен айкалыштырып колдонуу зарылдыгын белгиледи. Ал студенттерди тайманбай изденүүгө, кыргыз тилин санариптик мейкиндикте өнүктүрүүгө жана ар бир идея аркылуу өлкөнүн келечегине салым кошууга чакырды. О.э. жаштардын билимге умтулуусу менен инновацияга болгон кызыгуусу Кыргызстандын санариптик өнүгүүсүнүн негизги күчү экенин өзгөчө белгилеп, катышуучуларга шыктануу жана ишеним берди.

Иш-чараны институттун окутуучулары Муктарбекова Р.Ж., Усупова Н.М. жана Уметалиева Н.Ш. уюштуруп, таймашка институттун студенттери активдүү катышышты.

Конкурстун максаты – студенттердин жасалма интеллект жаатындагы билимдерин тереңдетүү, кыргыз тилин санариптик чөйрөдө өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү жана чыгармачылык ой жүгүртүүсүн арттыруу болду. Таймашка катышкан командалар бир нече этап боюнча күч сынашты.

Катышуучулар «Акылдуу промпт» техникалык таймашында так жана натыйжалуу суроо түзүү жөндөмдөрүн көрсөтүшсө, «Сүрөт кыргызча сүйлөйт» бөлүгүндө улуттук макалдардын негизинде жасалма интеллект аркылуу сүрөттөрдү жаратышты. Ошондой эле «ЖИ жана Кыргызстандын келечеги» темасында эссе коргоп, санариптик долбоорлорун видеоролик форматында сунушташты.

Жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменттин директору Ынтымак Касмакунов өз сөзүндө, бүгүнкү таймаш «Уңгу жолу» доктринасын улай анын негизги багыттарынын бири саналган таалим-тарбия, илим, билим жана маданият жаатында өткөрүлүп, инновациялык технологиянын акыркы ачылыштарын колдонууга жетишүү, ошону менен илимий ойдун дүйнөлүк кеңдиги менен бийиктигин өздөштүрүү жөнүндөгү маалыматты жаштарга жеткирүү чакырыгы болгондугун кошумчалап кетти.

Иш-чара студенттердин логикалык ой жүгүртүүсүн, креативдүүлүгүн жана технологияны колдонуу маданиятын өнүктүрүүгө чоң өбөлгө түздү.

Интеллектуалдык таймаштын жыйынтыгында 1-орунду ээлеп “Келечек” командасы -2500сом, 2-3-орундарга  “Билим жана тереңдик” жана “Мурас” командалары татыктуу болушуп, 2000(эки миң) сом жана 1500(бир миң беш жүз) сом суммасындагы акчалай сертификат менен сыйланышты.

Профессор Назаркул Ишекеев байгелүү орундарга ээ болгон командаларды жана студенттерди ардак громаталар жана дипломдор менен сыйлады.

Бул иш-чара билим менен технологияны айкалыштырып, жасалма интеллекттин кыргыз тилин жана улуттук баалуулуктарды өнүктүрүүдөгү ордун дагы бир ирет даңазалады.

(С) Бактияр Рахманкулов — тарбия иштери боюнча директордун орун басары, ф.м.и.к., доцент

Добавить комментарий