2026-жылдын 17-февралында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Муратбеков келди. КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев менен болгон жолугушууда билим берүү багыттары, окуу жайда жасалып жаткан соңку иштер, анын ичинде 16 кабаттуу окуу жана жатакана комплексинин курулушунун жүрүшү тууралуу пикир алышуу болду.
Эл өкүлү Улуттук университеттин бүтүрүүчүсү катары өткөн жылы өткөрүлгөн КУУнун 100 жылдык мааракеси менен куттуктап, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети жакшы кадр даярдоо жагынан алдыңкы флагман окуу жай экенин белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө Догдурбек Чонтоев окуу жайдын макамын көтөрүүгө багытталган Улуттук университет жөнүндө мыйзам долбооруна токтолуп, аны кабыл алууда колдоо керектигин билдирди жана бул мыйзам долбоору Улуттук университеттин системалуу, мамлекеттик деңгээлде өнүгүүсүнө шарт түзөөрүн кошумчалады.
Ректор о.э. окутуу төлөмдөрүнүн баасы жөнүндө маалымат берип, Улуттук университетте учурда контракттардын баасы ортоңку деңгээлде турганын билдирди.
Жолугушуунун соңунда депутат Табылды Муратбеков айтылган маселелер боюнча өз тарабынан колдоо болоорун жана жалпы Улуттук университеттин ишмердүүлүгү менен таанышуу үчүн дагы бир жолу келээрин билдирди.
Ректор менен жолугушуудан кийин эл өкүлү Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин студенттерине лекция өтүп, суроолоруна жооп берди.