2026-жылдын 17-февраль күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «Мамлекеттик тил – биримдиктин, ынтымактын булагы» аттуу илимий семинар жана ушул эле аталыштагы илимий монографиянын бет ачары болуп өттү.
«Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун ишке ашыруу жана Эне тилдин бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналган иш-чаранын башында мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев кириш сөз сүйлөп, семинарды ачып берүү үчүн сөз кезегин КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоевге берди.
Ректор ЮНЕСКОнун 1999-жылдын 17-ноябрында болгон конференциясында көп тилдүүлүктү жана көп маданияттуулукту колдоо максатында 21-февраль — Эне тилдин эл аралык күнү болуп жарыяланганын жана 1952-жылдын 21-февралында өз эне тили – бенгал тилин колдонуу үчүн курман болгон Бангладеш студенттеринин урматына жарыяланган бул күнү жоголуп бара жаткан тилдерди сактоого дагы бир жолу көңүл бурулаарын белгиледи. Анткени, дүйнө калкынын 40 пайызга жакыны өз эне тилинде билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган, ал эми дүйнөдөгү 6 миң тилдин жарымы жок болуп кетүү коркунучунда турат.
Догдурбек Чонтоев о.э. мамлекеттик тилди өнүктүрүү, анын коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө кеңири колдонууга салым кошуу максатында КУУнун окумуштуулары А.Р.Жусубалиев, Б.А.Малтабаров, Б.Т.Матиев жана Ы.Э.Кулматова тарабынан даярдалган “Мамлекеттик тил – биримдиктин, ынтымактын булагы” деген илимий монографиянын басмадан чыгып, бет ачары болуп жатышы Улуттук университет үчүн кубанычтуу окуя экенин жана аталган эмгек бүгүнкү күндөгү эне тилибиздин коомдогу ордун жана ролун ар тараптуу терең жана кенен талдоого алгандыгы менен айырмаланып тураарын белгиледи. Ректордун айтымында, бул эмгекте биринчи жолу мамлекеттик тилге арналган комплекстүү социологиялык иликтөө жүргүзүлгөн.
Илимий монографиянын жарык көрүшү жана бет ачары менен Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын мониторинг жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Гүлнур Капарова куттуктаган соң, китептин авторлору, Социалдык-гуманитардык илимдер институтутун директору, социология илимдеринин кандидаты, доцент Абдикакйым Жусубалиев «Мамлекеттик тил – улут деминин руханий азыгы», ал эми СГИИнин социология жана социалдык иштер кафедрасынын башчысы, социология илимдеринин кандидаты, доцент Бакытбек Малтабаров «Жарандардын мамлекеттик тилди билүү жана колдонуу абалы» деген темада баяндамаларды жасашты.
Семинардын жүрүшүндө о.э. Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын мурунку төрагасы, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Каныбек Осмоналиев, КУУнун аксакалдар кеңешинин төрагасы, филология илимдеринин доктору, профессор Садык Алахан, УИАнын Б.М.Юнусалиев атындагы Тил илими институтунун социолингвистика бөлүмүнүн башчысы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Зарыл Алымбаева, КУУнун И.Ч.Исамидинов атындагы педагогика инситутунун директору, педагогика илимдеринин доктору, професор Рахат Сулайманова ж.б. чыгып сүйлөштү.