2026-жылдын 17-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Дастан Бекешев Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Чет тилдер институтунун студенттерине «Чет тилдерди үйрөнүү саясатка кандай таасир берет» деген темада конок лекция окуду.
Сабактын жүрүшүндө депутат заманбап коомдо, эл аралык мамилелерде жана мамлекеттик башкарууда чет тилдерди билүүнүн мааниси тууралуу кеңири маалымат берди. Дастан Бекешевдин айтымында, көп тил билген жаштар саясатта, дипломатияда жана коомдук турмушта активдүү роль ойной алышат.
Жолугушуу жандуу жана интерактивдүү форматта өтүп, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, мазмундуу пикир алышуу болду.
Жолугушууда КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев сөз сүйлөп, студенттер менен жолугушууга убакыт тапканы үчүн Дастан Бекешевге ыраазычылык билдирди. Ал о.э. университеттин бир катар орчундуу маселелерине токтолуп, жогорку билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, материалдык-техникалык базаны чыңдоо, эл аралык байланыштарды кеңейтүү жана инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрүү багытындагы иштер тууралуу айтып өттү. Сөзүнүн соңунда Догдурбек Чонтоев Жогорку Кеңешинин депутаты Дастан Бекешевге «Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине 100 жыл» юбилейлик медалын салтанаттуу түрдө тапшырды.
Чет тилдер институтунун директору Кенжебай Уметов депутатка институттун студенттерин колдоого кошкон салымы, өзгөчө мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге жыл сайын стипендия тапшыруу демилгеси үчүн өзүнүн атынан ыраазычылык кат тапшырды.
Иш-чара студенттер үчүн пайдалуу жана шыктандыруучу жолугушуу болуп, чет тилдердин саясаттагы жана коомдук турмуштагы ролун дагы бир жолу айкын көрсөттү.
(С) Байболотова Ж.Т. — Чет тилдер институтунун директорунун тарбиялык иштер боюнча орун басары