15-февралда Советтик аскерлердин чектелген контингентинин Ооганстандан чыгарылганына 37 жыл толот. Дээрлик он жыл бою, 1979-жылдан 1989-жылга чейин, көптөгөн мекендештерибиз Ооганстандын ар кайсы аймактарында эл аралык аскердик миссияны баатырдык менен аткарышты. Жети миңден ашык кыргызстандык жоокерлер согуштук операцияларга катышып, эр жүрөктүк, жан аябастык жана баатырдык менен өздөрүнүн интернационалдык милдетин аткарышты.
Жарыяланбаган Ооган согушунун баатыр жоокерлеринин арасында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин алты кызматкери да бар. Алар: биринчи проректор — окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев, чарба бөлүмүнүн башкы инженери Адылбек Маматов, юридикалык институттун профессору Тахир Сайфутдинов, юридикалык институттун доценти Кадыр Уметов, ботаникалык бактын кызматкери Үсөнбек Данканаев жана кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун орто жалпы билим берүү бөлүмүнүн окутуучусу Жылдызбек Асаналиев.
2026-жылдын 13-февралында КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Ооган согушунун ардагерлери Кадыр Уметов, Үсөнбек Данканаев жана Жылдызбек Асаналиевди кабыл алды. Ректор ардагерлерди Советтик аскерлердин чектелген контингентинин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 37 жылдыгы менен куттуктап, дээрлик он жылга созулган Афган согушу миңдеген кыргызстандык жоокерлердин жүрөгүндө өчпөс дарт калтырганын белгиледи жана аларга чың ден соолук, узун өмүр каалап, жаш муундарды мекенди сүйүүгө тарбиялоодо кошкон салымы үчүн гүлдесте, чакан сыйлыктар жана «Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине 100 жыл» юбилейлик медалы менен сыйлады.
Жолугушууга мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев, илимий иштер боюнча проректор Камчыбек Мырзабек уулу, профсоюз комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков катышты.