2026-жылдын 12-февралында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде болуп өткөн Илим, жогорку билим берүү жана инновация министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты.

Жыйында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов сөз сүйлөп, мамлекеттик университеттер үчүн тездетилген модернизациялоо программасынын башталышын жарыялады жана Илим министрлигине университеттерди таланттарды тартуучу, заманбап билимдин булактарына жана өлкөнүн алдыдагы ондогон жылдардагы өнүгүүсүнүн негизги кыймылдаткыч күчтөрүнө айландыруу милдети жүктөлгөнүн белгиледи. Ал университеттердин окуу программаларын кайра карап чыгып, эскирген жана натыйжасыз дисциплиналарды жана программаларды жок кылуу керектишин билдирди. Программаны кайра карап чыгуунун негизги багыты экономика тарабынан талап кылынган тармактарга багытталат.

КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев өзү жетектеген университеттин ишмердүүлүгүнө кыскача токтолуп, Улуттук университет өзгөчө статуска ээ болгон университет катары алдына Кыргызстандын алдыңкы илимий-изилдөө жана билим берүү борборуна айлануу максатын койгонун билдирди жана КУУнун стратегиялык өнүгүүсүнүн негизги багыттары тууралуу маалымат берди.

Илим, жогорку жана инновация министрлигинин коллегиясында илим жана билим берүү тармактарын өнүктүрүүнүн негизги багыттары аныкталды. Министрлик конкреттүү тапшырмалардын тизмесин түзүп, бөлүштүрүлгөн тапшырмаларды берди. Кабыл алынган бардык чечимдердин аткарылышы өзгөчө көзөмөлгө алынат.

Добавить комментарий