2026-жылдын 9-февралында И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык институттун орто кесиптик билим берүү бөлүмүндө билим берүүнү өнүктүрүү, студенттер үчүн жагымдуу жана заманбап шарттарды түзүү максатында «Кыргыз адабияты» кабинети ачылды.
Салтанаттуу иш-чарага КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев катышып, бул кабинет кыргыз элинин бай адабий мурасын терең өздөштүрүүгө шарт түзүп, студенттердин көркөм ой жүгүртүүсүн, тил маданиятын өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзөөрүн, студенттердин сабакка болгон кызыгуусун арттырып, улуттук адабиятка болгон сүйүүсүн бекемдээрин белгилеп, бул саамалыкты ишке ашырууга салым кошкон окутуучуларга, демөөрчүлөргө жана уюштуруучуларга терең ыраазычылыгын билдирди. Сөзүнүн соңунда ректор аталган бөлүмдүн башчысы Мирбек Шарабидиновго Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынын толук жыйнагы менен Улуттук университеттин 100 жылдык мааракесине карата чыгарылган «Жусуп Баласагын» энциклопедиясынын 5 томдугун жаңы кабинетке белек катары тапшырды.
Кабинеттин ачылыш аземине о.э. мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев, институт ысымын алып жүргөн И.Ч.Исамидиновдун жубайы Бактыгүл эже, И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык институттун директору Рахат Сулайманова, кесиптик колледждин директору Бектен Саадабек уулу, о.э. орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн окутуучулары менен студенттери катышты.