Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде 2026-жылдын 6-февралында Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, белгилүү окумуштуу, педагогика илимдеринин доктору, профессор Асипова Нурбүбү Асаналиевнанын 80 жылдыгына арналган «Кыргыз Республикасында педагогика илиминин жана окутуунун технологиясынын абалы, көйгөйлөрү, өнүгүү келечеги» деген темада эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Салтанаттуу жыйынды илимий иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уулу ачып, ректораттын атынан куттуктоо сөзүн мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев айтты.
Конференцияга белгилүү окумуштуулар, педагогика илимдеринин докторлору Марта Мерилл (АКШ), Цветкова-М.Арсова (Болгария), С.А.Узакбаева, К.Р.Калкеева (Казакстан), Э.М.Мамбетакунов, (Кыргызстан), о.э. Казакстан жана Кытайдан келген көптөгөн окумуштуулар, аспиранттар жана докторанттар, ал эми Кыргызстандын 10 ЖОЖдун өкүлдөрү катышышты.
Жыйындын жүрүшүндө ааламдашуу жана санариптештирүү шарттарында педагогика илимин жана билим берүүнү өнүктүрүүнүн теоретикалык жана практикалык абалы, заманбап тенденциялары тууралуу ар кандай темадагы баяндамалар жасалды.
Аталган эл аралык илимий-практикалык конференцияга о.э. 6 мамлекеттин (Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Россия, АКШ жана Болгария) жогорку окуу жайларынан педагогикалык илимдин өнүгүшүнүн учурдагы тенденцияларынын, теориясынын актуалдуу милдеттерине арналган 120 билдирүү жана баяндамалар келип түштү. Анын ичинде Кыргызстандан – 98, чет мамлекеттерден – 16. Алар Ж.Баласагын атындагы КУУнун Жарчысынын атайын чыгарылышында жарыяланат. Белгилей кетсек, журналдын ишмердүүлүгү эл аралык индекстелген басылмалардын катарын толуктоо максатында көздөө менен илимий деңгээлин жогорулатууга багытталган.
Профессор Нурбүбү Асипова Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары өлкөлөрдө кеңири таанылган илимий мектептин жетекчиси болуп саналат. Анын ишмердүүлүгү тарбиялоонун теориясын жана практикасын иштеп чыгууга, өзгөчө көп маданияттуу билим берүүгө жана азыркы жаштардын маданияттар аралык байланышын калыптандырууга багытталган.
Ал 200дөн ашык илимий–педагогикалык эмгектердин автору. Алардын ичинде 2 монография, 4 окуу китеби, 6 окуу куралы, 1 окуу программасы жана көптөгөн илимий макалалар бар. Алар Россияда, Канадада, Польшада, Турцияда, Россияда жана Казакстанда жарык көргөн.