2026-жылдын 9-февралында башкы имараттагы чоң жыйындар жалында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Ректорат кеңешинин кеңейтилген отуруму болуп өттү.

КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев төрагалык кылган жыйында «КУУнун илимий ишмердүүлүгүнүн концепциясынын аткарылышы жана алдыдагы иш-чаралары», «Атайын эсеп боюнча кирешелердин жана чыгашалардын 2025-2026-жылдарга сметасын бекитүү» жана «КУУнун пансионатынын аймагындагы курулуш иштери» жөнүндө маселелер каралып, алар боюнча илимий иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уулу, пландоо-каржы бөлүмүнүн башчысы Айнура Мамаева жана административдик-чарба иштери боюнча проректор Бакыт Айтахунов баяндама жасашты.

Катышуучулар тарабынан баяндамачыларга көптөгөн суроолор берилип, кызуу талкуу жүргөн соң, аталган маселелерди Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отурумуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.

Отурумдун жүрүшүндө о.э. аймактык маселелер боюнча проректор Кундуз Базакеева жетектеген Улуттук университеттеги кызмат орундарын ревизиялоо боюнча комиссиянын отчёту угулду

Добавить комментарий