2025-жылдын 15-декабры Бүткүл түрк тилдеринин майрамы катары бекитилген. Мындай тарыхый мааниси бар күнгө ылайык Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Кыргызстан калкынын ассамблеясы, Кыргыз Республикасынын азербайжандыктарынын “Бирлик” коомдук бирикмеси менен бирликте “Түрк мурасы” борбору I Бүткүл союздук түрк курултайынын 100 жылдыгына карата “Түрк элдеринин кайра жаралуусундагы ата-бабалардын мурастарын эскерүү” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Конференцияга Кыргызстан, Башкыртостан, Түркия, Азербайжан мамлекеттеринен окумуштуулары катышты.
Конференциянын максаты:
- Кыргыз Республикасынын негиздөөчүлөрүнүн жана 20-кылымдын көрүнүктүү агартуучуларынын элесин эскерүү;
- Бакудагы түркологдордун съездинин 100 жылдыгын(1926) белгилөө;
- Касым Тыныстановдун кыргыз тилин, адабиятын жана түркология илимин өнүктүрүүгө кошкон салымын изилдөө;
- Түрк элдеринин ортосундагы маданий жана илимий байланыштарды чыңдоо.
Конференциянын бет ачарын КУУнун ректору, география илимдеринин доктору, профессор Чонтоев Догдурбек Токтосартовичтин куттуктоосу менен башталды. Сөзүнүн соңунда профессор Мусаев Сыртбай Жолдошевичге, Маразыков Турусбек Сейдакматовичке “Түрк тилдүү мамлекеттеринин тил маселелери” боюнча жигердүү өз салымдарын кошкондугу үчүн Ж.Баласагын атындагы КУУнун 100 жылдык юбилейлик медалы менен сыйланды. Ректордун сөзүнөн кийин I Бүткүл союздук түрк курултайы тууралуу видео-тасма көрсөтүлдү.
Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Райымкулова Рахметоллаевна (онлайн), Азербайжандын белгилүү жазуучусу, “Манас” эпосун изилдөөчү, котормочу Адил Жамил (онлайн), ТҮРКСОЙ Эл аралык уюмунун Башкы катчынын жардамчысы Бөрүбаев Сабырбек (онлайн) жана Ж.Баласагын атындагы КУУнун тарых жана чөлкөм таануу институтунун профессору, тарых илимдеринин доктору — Чороев Тынчтыкбек Кадырмамбетовичтер (онлайн) куттуктоолорун айтышты.
Илимий баяндамаларга: КР УИАнын Б.Юнусалиев атындагы тил илими институтунун директору, КР УИАнын академиги, КРдин илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, КРдин илимине эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору, профессор Мусаев Сыртбай Жолдошевич, М.Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин башкыр филологиясы факультетинин деканы, филология илимдеринин доктору, профессор Хусаинова Ляйля Мидхатовна, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректорунун кеңешчиси, гуманитардык факультетинин филология бөлүмүнүн башчысы, филология илимдеринин доктору, профессору Сагынбаева Бурул, Ж.Баласагын атындагы КУУнун кыргыз тил илими кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин доктору, профессор Акынбекова Айман Усенбаевлар илимий баяндамаларды жасашты.
Кыргыз филологиясы факультетинин “Жаш толкундар” адабий — ийриминин студенттери түрк, өзбек, казак, азербайжан, түркмөн тилдеринде белгилүү акындардын ырларынан көркөм окуп беришти. Соңунда, Кыргыз Республикасынын азербайжандарынын «Бирлик» коомдук бирикмесинин төрагасы Бахшалиев Хансывар Рустамович конференциянын ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, илимий баяндаманын авторлоруна, конференциянын уюштуруучуларына ыраазычылык каттарын тапшырды.
(С) Назгуль Турдубаева – кыргыз филологиясы факультетинин деканынын илимий иштер боюнча орун басары, доцент, ф.и.к.