2025-жылдын 16-декабрында Улуттук университетте 100 жылдыктын алкагында жазуучу жана котормочу Ашым Жакыпбековдун 90 жылдыгына арналган «Кыргыз адабияты жана дүйнөлүк маданият: контексттик дискурс» аттуу республикалык илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү.

Иш-чарада жазуучунун  чыгармачылыгы, кара сөздү катыра жазганы, калтырып кеткен эмгектери эскерилди. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев Ашым Жакыпбеков мыкты котормочу гана эмес, мыкты прозачы болгонун, анын  белгилүү “Биз атасыз өскөнбүз”, “Айкашка”, “Катаал багыт” ж.б. аңгеме, повесттерин атай кетти. Андан тышкары эл ичинде  ырдалып жүргөн  «Издеп жүрөм», «Аппагым»  аттуу чыгармалардын автору экенин билдирди.

Ашым Жакыпбеков  залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун  бир нече  чыгармаларын кыргызчалаганы менен белгилүү. Ал эми жеке чыгармачылыгында узак убакыт «Манас» эпосун кара сөзгө айлантышы, «Теңири Манас» китебинин жарык көрүшү кыргыз адабиятына кошкон зор салым экенин конференция катышуучулары баса белгилешти.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ашым Жакыпбеков тууралуу документалдык тасма көрсөтүлүп, жакын тууганы Эшенкул Барпиев өнөр жолундагы устаттыгын айтса, Алыкултаануучу, журналист жана коомдук ишмер Памир Казыбаев жазуучунун күндөлүктөрүнөн чогулган «Шекерден Теңирге» аттуу китебин тааныштырды.

 Конференция илимий баяндамалар менен уланды:

  • Айнура Кадырманбетова — УАИнин Ч.Айтматов атындагы Адабият институтунун башкы илимий кызматкери: “Ашым Жакыпбеков – улуттук мүнөз түзүүнүн чебери”.
  • Динара Асакеева — филология илимдеринин доктору, К.Карасаев атындагы БМУнун профессору: «Ашым Жакыпбековдун  чыгармачылыгындагы повесть жанрынын концепциясы».
  • Нурайым Сардарбек кызы — филология илимдеринин доктору, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун профессору: «Ашым Жакыпбековдун котормочулук  мурасы ».
  • Бакыт Баймырзаев — Жусуп Баласагын атындагы КУУнун кыргыз адабияты кафедрасынын доценти: «Жазуучу  А.Жакыпбековдун «Айкашка» аңгемесиндеги көтөрүлгөн негизги көйгөйлөр жана бүгүнкү кыргыз коомунан алган орду».
  • Венера Акматова — филология илимдеринин доктору, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун профессору: «Салттуу сюжет жана эркин чыгармачылык: адаптация, ремейк, интерпретация» (Жакыпбековдун  «Теңири Манас»   чыгармасынын контекстинде).

Ашым Жакыпбеков

Ашым Жакыпбеков 1935-жылы 12-августта Киров районундагы Шекер айылында туулган. Айылында жана Суулуу-Маймактагы Ак-Чий орто мектебинен окуп, 1953-жылы Фрунзе шаарындагы №5 мектептен жетилүү аттестатын алат.

1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин Кыргыз филологиясы факультетин аяктап, 1961-жылга чейин «Ала-Тоо» адабий журналында, 1961–1964-жылдары  Шекер айылындагы орто мектепте орус тили мугалими болуп эмгектенген.

Жазуучунун «Теңири Манас» романы 1994-жылы жарык көрүп, авторуна көзү өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган. Ал 1963-жылдан СССР Жазуучулар, 1975-жылдан СССР Кинематографисттер союзунун мүчөсү болгон. Ч.Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты.

Добавить комментарий