2025-жылдын 12-декабрь күнү улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө жана Улуттук адабият күнүнө карата Мамлекеттик тил бөлүмү тарабынан уюштурулган видероликтер сынагы болуп өттү.

Жыйынды мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев ачып, калыстар тобу менен тааныштырды:

  • Жакыбалиев Кутмырза Исаевич — Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын  уюштуруу иштеринин бөлүм башчысы (төрага)
  • Муканбетова Айгул Садырбаевна — ф.и.д, КУУнун профессору
  • Бильбаева Гүлзада Жакыповна — ф.и.к., КЭУнун доценти.

Сынакка Улуттук университеттин 1-2-курсунун студенттери даярдаган 22 видеоролик келип түштү. Сынактын шарттары боюнча видеороликтер 5-7 мүнөт убакытты камтып, студенттердин аткаруусунда болду. Сынакка студенттер атайын Ысык-Көл областына, Нарын шаарына, Ысык-Ата районуна барып, тартылган видеороликтерге да күбө болдук.

Сынактын жыйынтыгы төмөнкүдөй болду.

  • 1-орун КУУнун Ош шаарындагы гуманитардык-табигый факультетине ыйгарылды. Алар  Улуттук университеттин 1-даражадагы дипломуна жана акчалай сыйлыкка ээ болушту;
  • 2-орун Эл аралык колледж. Университеттин 2-даражадагы дипломуна жана акчалай сыйлыкка ээ болушту;
  • 3-орун Кесиптик колледж. Университеттин 3-даражадагы дипломуна жана акчалай сыйлыкка ээ болушту;
  • 4-орун Кыргыз-Япон институту. Тастыктама жана акчалай сыйлыкка ээ болушту;
  • 5-орун Кыргыз-Кытай изилдөө институту. Тастыктама жана акчалай сыйлыкка ээ болушту.

(С) Д.Мырзагулова — Мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы

Добавить комментарий