2025-жылдын 30-октябрында башкы имаратындагы чоң жыйындар залында Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин тобокелдик менеджери Адам Бейшеналы менен персонал менен иштөө жана байланыштар бөлүмүнүн начальниги Айдар Олжобаев “Дүйнөлүк аманат күнүнө” карата Улуттук университеттин студенттерине лекция өтүштү.

Сабактын негизги максаты — жаштардын каржы сабаттуулугун жогорулатуу, дегеле аманат маданиятын өнүктүрүү, жана жарандардын банктарга болгон ишенимин арттыруу болуп эсептелет.

Аталган иш-чара Жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменттин колдоосу менен өткөрүлүп, ага студенттер активдүү катышышты. Лекциянын жүрүшүндө агенттиктин өкүлдөрү студенттерге депозиттерди коргоонун мааниси, аманаттарды сактоонун коопсуз жолдору, банктык системанын иштөө өзгөчөлүктөрү жана каржы тармагындагы укуктук жана практикалык аспектилер тууралуу кеңири маалымат беришти

Катышуучулар кызыктырган суроолорун берип, адистерден жоопторду алышты. Иш-чаранын соңунда активдүүлүк көрсөткөн студенттерге эстелик катары белектер тапшырылып, агенттик тарабынан даярдалган маалыматтык материалдар таратылды.

(С) Абдыбекова Айжан – Жаштар саясаты жана тарбия иштери боюнча бөлүм башчы 

Добавить комментарий