2025-жылдын 24-октябрында “Ала-Арча” мамлекеттик резинденциясында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдыгына карата уюштурулган “Заманбап дүйнөдө жогорку билимдин орду. Глобалдык чакырыктар менен коркунучтар шартында Кыргызстандын жогорку мектеби” аттуу эл аралык форуму болуп өттү.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, Кыргыз Эл жазуучусу Арслан Койчиев, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов, Агартуу министри Догдургул Кендирбаева, о.э. Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын ректорлору, Талас, Жалал-Абад облустарынын башчыларынын өкүлдөрү жана сыйлуу коноктор катышты.
Эл аралык форумга Казакстан, Өзбекстан, Россия (Татарстан Республикасы), Япония, Кытайдын окуу жайларынан жана илимдер академиясынан өкүлдөр келишти.
КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев салтанаттуу жыйынды ачып жатып: “Улуттук университет бир кылым тарыхында Кыргызстандын экономикасына 192 миңден ашуун диплом алган бүтүрүүчүнү берди. Мындан ары да жарандык активдүүлүктү жогорулатып, муундан-муунга адистердин сапатын жогорулатууга даярбыз” ,-деди.
Ректордун сөзүнө улай эле форумга келген коноктор окуу жайдын ишмердүүлүгү жана жетишкендиктери тууралуу сөз кылып, өздөрү да Улуттук университетинин бүтүрүчүүлөрү экендигин баса белгилей кетишти.
Эл аралык жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү КУУнун 100 жылдык мааракеси менен куттуктап, кызматташуулар, диалогдор, тажрыйба алмашуулар мындан ары да уланаарына ишенээрин билдиришти.
Форумдун жүрүшүндө В.Ф.Яковлев атындагы Урал мамлекеттик юридикалык университетинин ректору, юридика илимдеринин доктору, профессор Бублик Владимир Александровичке “КУУнун ардактуу профессору” наамы ыйгарылды.
Татарстан Республикасынын Илимдер академиясынын атайын сыйлыгы менен КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев сыйланды. Аны президенттин орун басары – аппарат жетекчиси Рустем Камалов тапшырды.
Иш-чара “Заманбап дүйнөдө жогорку билимдин орду. Глобалдык чакырыктар менен коркунучтар шартында Кыргызстандын жогорку мектеби” темасынын алкагында пленардык докладдар менен уланып, бир топ маанилүү маалыматтар жана сунуштар айтылды.
Ага катар КУУнун 100 жылдык юбилейлик медалы менен Улуттук университеттин мурдагы ректорлору Алтай Бөрүбаев, Ишенгүл Болжурова, Чынара Адамкулова жана Канат Садыков сыйланышты.



























































