Мурда кабарлангандай, 2025-жылдын 23-октябрь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык мааракесине арналган иш-чаралар башталып, Башкаруу жана бизнес, Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институттарында, Физика жана электроника, Биология, Кыргыз филологиясы факультеттеринде жаңыланган лабораториялар менен кабинеттер ачылып, башкы имараттын 1-кабатындагы фойеде Кытай, Корея жана Туркия маданиятынын көргөзмөсү, «КУУнун жарчысы» көргөзмөсү, «Жеке потенциалды өнүктүрүү» эл аралык долбоорунун алкагындагы жетишкендиктердин көргөзмөсү, Студенттердин чыгармачыл иштеринин көргөзмөсү, Колледждердин ишмердиги боюнча көргөзмө, Окуу жана окуу-методикалык басылмалардын көргөзмөсү, Университеттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн илимий жетишкендиктеринин көргөзмөсү, Академиялык мобилдүүлүк жана билим экспортуна арналган көргөзмө иштей баштады.

Кундүн жүрүшүдө ректор жана уюштуруу комитетинин мүчөлөрү 100 жылдык мааракеге келген расмий делегацияларды кабыл алып жатышты.

Түштөн кийин саат 16.00дө Университеттин башкы имаратынын оң жана сол жактарында жайгашкан бакчаларда тиешелүү түрдө 50 жана 100 жылдан кийин ачыла турган Убакыт кутучасы салынып, долоно жана магнолия дарактары отургузулду, андан кийин Улуттук университеттин таланттуу студенттеринин чоң программадагы майрамдык концерти болуп, аягында майрамдык салют атылды.

Иш-чараларга «Евразия KG» коомдук фондунун директору Кымбат Урумкулова катышты.

Добавить комментарий