Мурда кабарлангандай, Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-июлундагы №147 “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамына, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 2025-жылдын 20-январындагы №28-буйругуна ылайык жана коррупциянын алдын алуу, коррупциялык укук бузууларга бөгөт коюу максатында жыл башында Кыргыз улуттук университетинин бардык окуу имараттарында “Ишеним кутучасы” орнотулган болчу.

2025-жылдын 1-июль күнү аталган кутучаларды ачуу, ичиндеги маалыматтарды карап чыгуу боюнча илимий иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уулу жетектеген жумушчу топтун мүчөлөрү бардык окуу имараттарындагы “Ишеним кутучаларын” ачып, ичиндеги маалыматтарды алышты..

Белгилей кетсек, буга чейин кутучалар 2025-жылдын 29-апрелинде ачылып, студенттер тарабынан купуя жазылган сунуш-пикирлер алынып, кайра жабылган. Бүгүн ачылган кутучалар 1-сентябрдан баштап кайрадан жабылат.

Добавить комментарий