2025-жылдын 12-мартында башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдыгына карата “12 жылдык билим берүү: Алдыга кадам” аттуу тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столдун максаты:

  • Кыргызстандын 12 жылдык жалпы орто билим берүү системасына өтүү концепциясын жана анын мугалимдерди даярдоого тийгизген таасирин талкуулоо;
  • Мамлекеттик билим берүү стандартын, мугалимдердин кесиптик стандарттарын жана педагогикалык ЖОЖдордун билим берүү программаларын реформалоо зарылдыгын кароо.

Жыйынга 12 жылдык билим берүү боюнча эксперттер, мамлекеттик билим берүү стандарттарынын түзүүчүлөрү, Кыргыз Республикасынын 10 ЖОЖдордун илимий иштери боюнча проректорлору, окумуштуулар, окутуучулар, жаш окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү, мектеп башкармалыгы жана мугалимдери катышышты. 

Модератор И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун директору, п.и.д., профессор Р.Т. Сулайманова тегерек столду ачып берүү үчүн сөздү мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеевге жана окуу башкармалыгынын башчысы Алмазбек Кыдыралиевге берди.

Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун директору А.Д.Токтомаметов “12 жылдык билим берүү жана “Алтын Казык” программасы: зарылдык жана артыкчылыктары” боюнча маалымат берди.

Т. Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун директору У.Э. Мамбетакунов “Мектепке чейинки билим берүү стандартындагы инновациялар” тууралуу тааныштырып,  өзгөрүүлөргө токтолуп, улуттук баалуулукту мектепке чеийнки курактан баштап үйрөтүүнүн негизинде кыргыз жаранын тарбиялоо керектиги негизги өзөк катары камтылгандыгын баса белгиледи.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин педагогика бөлүмүнүн профессору А.Алимбеков 12 жылдык билим берүү дүйнөлүк тажрыйбада колдонулуп, жогорку натыйжа берип жаткандыгын белгилөө менен Кыргыз Республикасында 12 жылдык билим берүүгө өтүүдөгү негизги артыкчылыктары катары 6 жаштан окутуу эч кандай күмөн жаратпай тургандыгын, билим берүүнүн борборунда адам инсанын калыптандыруу жана функционалдык сабаттуулукту өнүктүрүү көрсөтүлгөндүгүн, балдарды  проблема чечүүгө үйрөтүү маселеси камтылгандыгын билдирди.  Ошондой эле  12 жылдык билим берүүдө ЖОЖдоргу структура өзгөрүшү керек, мугалимдик адистикти даярдаган бөлүмдөрдө Окутуунун натыйжаларын өлчөө жана баалоо, Социалдык педагогика сыяктуу сабактар киргизилүүсүн сунуш кылып, кыргыз баласы кыргыз болушу керектигин баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Г.М.Мадаминов балдарды тарбиялоодо акыл тарбиясы биринчи орунда туруусун жана мектепке чейинки мекеме болобу, мектеп болобу, орто кесиптик же жогорку окуу жай болобу ата-энелер менен бирге тыгыз иш алып барганда гана билим берүүнүн натыйжасы жогорку деңгээлге чыгууга мүмкүн экендигине токтолду.

Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн башчысы Э.Куштарбек кызы 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн мектепке чейинки билим берүүгө тийгизген таасири тууралуу маалымат берди.

Бишкек шаарынын №64-орто мектебинин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Ү.Б.Нурматова “Мектеп мугалими өзгөрүүгө даярсыңбы?” деген суроонун алкагында баяндама жасады.

Талкууда И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика жана психология институтунун директору Г.К.Казиева, К.Карасаев атындагы БМУнун педагогикалык билим берүү факультетинин башталгыч, мектепке чейинки билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынын башчысы Ж.С.Абдыракунова, Ош мамлекеттин университетинин психология кафедрасынын профессору А.Жолдошева, профессор А.С. Мукамбетова, доцент А.О.Абдимомунова ж.б. жыйындын катышуучулары тарабынан 12 жылдык билим берүү боюнча суроолор берилип талкуу жүрдү. Жыйынтыгында 12 жылдык билим берүүнүн артыкчылыктары, маанилүүлүгү тууралуу резолюция кабыл алынды.

(С) Р.Т.Сулайманова – п.и.д., профессор, А.С.Жуматаева – п.и.к., доцент

Добавить комментарий