Чет тилдер институтунун англистика кафедрасынын башчысы, ф.и.к. Асель Мамытова менен ага окутуучусу Гулнара Акунова 2025-жылдын 20–23-октябрь күндөрү Ташкент шаарында өткөн англис тили мугалимдерин даярдоону өркүндөтүүгө багытталган эл аралык тренингге катышып келишти.

Иш-чара Улуу Британия Өкмөтүнүн Эл аралык өнүктүрүү фондунун колдоосу менен Британ Кеңеши жана Өзбекстан Республикасынын Мектепке чейинки жана мектептик билим берүү министрлиги тарабынан «Accelerating English Language Learning in Central Asia» (AELLCA) долбоорунун алкагында уюштурулган.

Тренингге Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан келген 38 адис катышты. Сабактар Улуу Британиядагы Norwich Institute for Language Education (NILE) жана Өзбекстандын университеттеринин эксперттери тарабынан өткөрүлдү.

Катышуучулар PRESETT (Pre-service Teacher Training) — англис тили мугалимдерин даярдоонун алгачкы этабындагы окуу программаларын талдап чыгышып, эл аралык алдыңкы тажрыйбалар менен таанышты. Ошондой эле билим берүүдө өзгөрүүлөрдү натыйжалуу башкаруу, реформаларды ийгиликтүү жүзөгө ашыруу жана регионалдык кесиптик кызматташтыкты чыңдоо боюнча көндүмдөргө ээ боло алышты.

Британ Кеңешинин Өзбекстандагы директорунун орун басары Жамиля Гулямова тренингдин маанилүүлүгүн баса белгилеп мындай деди:
Катышуучулар мыкты тажрыйбаларды бөлүшүп, англис тили мугалимдерин окутуу программаларын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүгө багытталган иш-аракеттерди чогуу иштеп чыгышууда.

Бул тренинг Чет тилдер институтунун окутуучуларынын кесиптик компетенцияларын жогорулатууга, англис тилин окутуу сапатын өркүндөтүүгө жана эл аралык тажрыйбаларды окуу процессине киргизүүгө маанилүү салым кошот.

(С)Байболотова Ж.Т. – Чет тилдер институтунун директорунун тарбия иштери боюнча орун басары

Добавить комментарий