2025-жылдын 27–29-октябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун окуу борборунун өкүлдөрү Жаныбекова Бермет жана Байсынова Асель Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин студенттери үчүн конок лекцияларды өткөрүштү.

Лекциялардын негизги темасы — Кыргыз Республикасындагы пенсиялык системанын учурдагы абалы жана өнүгүү багыттары болду. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун укуктук негиздери, пенсиянын түрлөрү, аны эсептөө жана төлөө тартиби тууралуу кеңири маалымат берилди.

Социалдык фонддун адистери студенттер менен ачык баарлашып, пенсиялык камсыздоо тармагындагы акыркы реформалар, санариптик кызмат көрсөтүүлөр жана жарандардын социалдык укуктарын камсыздоо жаатындагы жаңылыктар боюнча суроолорго жооп беришти.

Лекциянын соңунда факультеттин деканы, доцент Кадыр уулу Алмаз, жана студенттер Социалдык фонддун өкүлдөрүнө ыраазычылыгын билдиришип, мындай билим берүү жолугушуулары келечектеги мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн чоң тажрыйба экенин белгилешти.

(С) Акунова А.М. – факультеттин ага окутуучусу

Добавить комментарий