2025-жылдын 28-октябрында КУУнун “Бозжол” философиялык изилдөө борборунда “Муундар алалык диалог: Ч.Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романынын негизиндеги окуу семинары жана тасма көрүү” аттуу университеттер аралык иш-чара болуп өттү.
Борбордун философиялык жана маданий иш-чаралар айлампасынын алкагында өткөрүлгөн иш-чаранын спикерлери: “Бозжол” ФИБдин директору ф.и.к. С.Абдрасулов, Кыргыз-Түрк Манас университетинин философия бөлүмүнүн профессору, ф.и.д. Ж.Урманбетова, Кыргызстан эл аралык университетинин философия бөлүмүнүн башчысы ф.и.к Г.Сейталиева, КР УИАнын Ч.Айтматов ат. адабият институтунун илимий кызматкери Р.Эшматов жана Эл аралык Ала-Тоо университетинин гуманитардык факультетинин журналистика кафедрасынын окутуучусу Б.Маратов, ал эми модератор “Бозжол” ФИБдин илимий кызматкери А.Кадыров болду.
Семинардын жүрүшүндө катышуучулар Ч. Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романынын негизинде тартылган тасмадан үзүндүлөрдү көрүп, алдын ала даярдалган материалды окуп, чакан тайпаларга бөлүнүп, өз ара ой-жүргүзүп, спикерлердин ойлорун угуп, аларга суроо узатып, чыгармадагы философиялык ойлорду талкуулашты.
Иш-чаранын соңунда катышуулар сертификаттар менен сыйланышты.
(С) Курбанакун кызы Гулина – “Бозжол” ФИБдин илимий кызматкери