2025-жылдын 11-март күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда “Жогорку окуу жайларында кыргыз тилин эне тил катары окутуунун маселелери” аталышындагы кереге кеңеш болуп өттү.
Иш-чарага КУУнун мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректору Назаркул Ишекеев, Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Аркарбек Мамытов, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын окуу-маалыматтык жана котормо борборунун директору Карлыгач Жумакадырова жана Бишкек шаарындагы ЖОЖдордун мамлекеттик тил боюнча адистери, кафедра башчылары катышты.
Иш-чарада төмөндөгүдөй баяндамалар окулуп, кызуу талкуу жүрдү.
- Назира Жапаралиева – М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун мамлекеттик, расмий жана чет тилдер кафедрасынын башчысы, пед.и.к., доцент: “Профилдик ЖОЖдордо мамлекеттик тилди окутуунун көйгөйлүү маселелери”;
- Гүлмира Осмоналиева – КУУнун факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы, ф.и.к.,доцент: “Кыргыз тилин эне тили катары окутууда коммуникативдик максаттардын ролу”;
- Нурида Касымбекова – И.Арабаев атындагы КМУнун тилдер кафедрасынын башчысы: “Дарыгерлик-лингвоактивдүү кесип (студент-медикке кыргыз тилин окутуунун максат, милдеттери)”.
Баяндамалардан кийин кыргыз тилин эне тил катары окутуунун стандарттарын, типтүү программасын, жумушчу программасын иштеп чыгуу боюнча ой-пикирлер айтылып, сунуштар берилди. Кереге кеңештин аягында резолюция кабыл алынып, жогоруда айтылган маселелер боюнча министрликтин жетекчилиги алдында жумушчу топ, эксперттик топ түзүлө тургандыгы белгиленди.
(С) Динара Мырзагулова – мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы









